Бишкекте академик Жаныбек Жээнбаевди эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГул кармаган адамдар, архивдик сурот
Гул кармаган адамдар, архивдик сурот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара "Илим кереметине арналган өмүр" аттуу аталышта өткөрүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте академик Жаныбек Жээнбаевдин 85 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтө тургандыгын Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда иш-чара Улуттук китепканада бүгүн саат 15.00дө башталат. 

"Бул кече окумуштуу, илимдин патриархы, саясий жана коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, академик, илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жаныбек Жээнбаевдин урматына өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Иш-чара "Илим кереметине арналган өмүр" аттуу аталышта өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0