Бишкек тургундары мэр жана олимпиадачылар менен велосипед тебе алышат

Жазылуу
Жыл сайын өтүүчү веложүрүшкө миңдеген адамдын катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Салтка айланган веложүрүш 2-октябрда Бишкек шаарында өтө турганын иш-чараны уюштуруп жаткан "Ретро FM" радиостанциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага миңдеген кишинин катышуусу күтүлүүдө.

Байкерлер жүрүш учурунда, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Байкерлер Атамбаевди колдоп Бишкекти кыдырып чыгышты
Иш-чара дени сак жашоону жайылтуу, велосипедди жол эрежелерин туура сактаган экологиялык таза транспорт катары көрсөтүү максатын көздөйт. Ага шаар тургундары, коноктору жана башчысы Албек Ибраимов, райондордун жетекчилери, Риодогу Олимпиада оюндарына барган спортчулар жана эстрада ырчылары катышат. 

Веложарыштын катышуучулары шаардын негизги көчөсү менен жүрүп отуруп, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына келип токтошот. Иш-чара "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган майрамдык концерт менен аяктайт. 

Веложарыш "Ала-Тоо" аянтында 2-октябрда саат 11:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0