Жылкылар ишарат аркылуу сүйлөшө тургандыктарын окумуштуулар аныктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылкыны кучактаган жигит. Архивдик сүрөт
Жылкыны кучактаган жигит. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылкылардын интеллектиси окумуштуулар арасында бир нече жылдан бери талаш-тартыш жаратып келет.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Норвегиянын биологдору жылкылар өзгөчө ойлонууга жөндөмдүү экенин аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Applied Animal Behaviour Science журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.  

Дарыгердин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адамдын башын алмаштыруу кийинки жылы мүмкүн болорун айтышууда
Жылкылардын акыл-эси окумуштуулар арасында бир нече жылдан бери талаш-тартыш жаратып келет. Мисалы, мындан 100 жыл мурда Германияда "Акылдуу Ганс" аттуу жылкы болгон. Ал жөнөкөй арифрметикалык эсептерди чыгарып, календарды дагы карап турууга жөндөмдүү болгону айтылып келет. "Акылдуу Ганс" элдин алдына чыкканда туура жооптуу туягы менен жерди тепкилеп билдирип турган.

Ал эми скептиктер "Гансты" эсеп чыгара алган эмес, болгону ал ээсинин жашыруун берген белгилерине гана реакция жасаган деп келишет.

Ослодогу ветеринардык институттун окумуштуусу Сесилия Мейделл менен анын кесиптештери жылкылар чынында эле айрым символдорду колдонуу менен өз оюн ээсине жеткире аларын аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0