Бейшемби күнү Кыргызстанда жаан жаайт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖаан. Архив
Жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Эртең, бейшемби күнү өлкөдө жаан-чачын жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Урожай яблок, архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө жашылча-жемиштерди мөндүр уруп кетти
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз күн ачык болуп, 26…28 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 31 градуска чейин көтөрүлөт.

29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0