Эртең Бишкектин айрым жаңы конуштары менен мектептеринде суу болбойт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКолонкадан суу алып жаткан адамдыр архивдик сүрөтү
Колонкадан суу алып жаткан адамдыр архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык суу канал калкка, мекемелерге жана уюмдарга ичүүчү суу камдап алууну эскертти.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Эртең, 29-сентябрда Бишкектин кээ бир райондорунда ичүүчү суу берүү токтотуларын мэрия бирлдирди. 

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
"Бишкексууканал" ишканасы "Түндүк" суу курулмасында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан саат 9.00дөн 19.00гө чейин Күрөңкөев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүнүн жана Ала-Арча суусунун аймактарында, ошондой эле "Кызыл курулушчу" шаарчасында, "Көлмө", "Ак-Тилек", "Алтын-Бешик" жана "Саламалик" жаңы конуштарында ичүүчү суу берилбей турганын эскертти. 

Мындан тышкары №№ 18, 35, 33 орто мектептерде, №12 бала бакчада суу берилбейт.

"Бишкексууканал" калктан, мекемелерден жана уюмдардан ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0