УКМК кызматкери менен ишкердин чатагын Аскер прокуратурасы менен ИИБ иликтейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш иши папкасын кармап турган иим кызматкеринин архивдик сүрөтү
Кылмыш иши папкасын кармап турган иим кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чекист менен бизнесмен 24-сентябрь күнү мушташып кеткен. Экөө тең бири-биринин үстүнөн арыз жазып, укук коргоо органдарыны кайрылышкан.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Кызыл-Кыя боюнча бөлүм башчысы менен жергиликтүү ишкердин ортосундагы чыр-чатакты милиция менен Аскер прокуратурасы да иликтемей болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ОИИБ маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Эскерте кетсек, "Нива" унаасы менен бараткан УКМК кызматкери Lexus машинасына айдап бараткан ишкер менен жол талашып, мушташа кеткен. Экөө тең ооруканага жаткырылып, укук коргоо органдарына бири-биринин үстүнөн жазылган арыз менен кайрылышкан. УКМК иликтөө иштеринин адилеттүү болушу үчүн аталган кызматкерди иштен убактылуу четтеткен.

"Ишкердин арызын Аскер прокуратурасы карап жатат, анткени күч органдары аталган ведомствонун карамагында. Ал эми УКМК кызматкеринин арызы боюнча Ноокат РИИБи иш алып барууда", — деди Аширбаев. 

Анын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп, күбөлөр суралып жатат. Чекисттин жубайы Махидил Сулайманова 24-сентябрдагы окуяны күйөөсүнүн сөзү менен айтып берди.

Кол кайгуул кызматырын автоунаасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясы үй-бүлөлүк жаңжалга шашып баратып жаш кызды коюп кетти
"Жол талаша кетип, мушташа кетишиптир. Аларды ажыратканда ишкер тапанчасын алып чыгып, жолдошумду мээлептир. Ал куралын алып алууга жетишип, ишкерди милиция бөлүмүнө алып барууга аракет кылган. Ошол маалда кайдан-жайдан эки машина келе калып, ичиндегилер менин жолдошумду сабап, тапанчаны издей башташкан. Келе жаткан милиция кызматкерлерин көрүп, кол салгандар из жашырып кеткен. Эртең менен үйгө келген күйөөмдүн көгала болгонун көрдүм", — деди ал. 

Ал эми ишкер Зарылбек Мааткалыков аны төрт киши сабаганын айтып, окуядан кийин унаасындагы 156 миң сомдун жоголуп кеткенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0