Бишкектеги Шопоков көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүү"Оңдоо жүрүп жатат" жол белгилери, архивдик сүрөт
Оңдоо жүрүп жатат жол белгилери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа мэриясы айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууну сунуштайт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектеги Шопоков көчөсүнө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу айрым бөлүктөрү жабыла турганын мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда 27-сентябрдан тартып Шопоковдун Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси жабылат.

"Аталган жол тилкесине ремонт иштери жүргүзүлүп, тротуар иретке келтирилет. Ошондой эле көчө жарыгы толугу менен калыптандырылат", — деп айтылат маалыматта.

Калаа мэриясы айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууну сунуштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0