Комиссия: тарых музейинде чыккан өрт чыгымга алып келген жок

© Sputnik / Актан ТемиркановМамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында чыккан өрт жайында ӨКМ кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында чыккан өрт жайында ӨКМ кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт чыккан залда жараксыз деп табылган буюмдар жок болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында чыккан өрттүн айынан келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн түзүлгөн комиссиянын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Мамлекеттик тарых музейинде өрт чыккан.

Билдирмеге караганда өрттүн айынан экспонаттар жабыркаган эмес. 

"Өрт чыккан залда жараксыз деп табылган буюмдар жок болгон. Ал эми баалуу экспонаттар жабыркаган эмес. Себеби алар баалуулуктарды сактоо жана эсепке алуу инструкциясына ылайык сактоочу жайларга коюлган", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле билдирмеде Мамлекеттик тарых музейинде ремонт иштери жүрүп жатканына байланыштуу баалуу металлдар фондусунун музейлик предметтери Улуттук банктын убактылуу сактоосуна өткөрүлүп берилгени ырасталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0