Токой чарбасы: атылган тоо текелер менен түшкөн сүрөт 2012-жылы тартылган

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook социалдык тармагынын колдонуучусу Канимет Майрамбековдун постунан тартылган кадр. Атылган төрт тоо теке — олжосу менен сүрөткө түшкөн эркек кишилер
Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Канимет Майрамбековдун постунан тартылган кадр. Атылган төрт тоо теке — олжосу менен сүрөткө түшкөн эркек кишилер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда үч эркек кишинин атып өлтүрүлгөн тоо текелер менен түшкөн сүрөтү бир топ терс маанайдагы талкууну жараткан. Бийлик тоо текелердин атылышын иликтей турганын билдирген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Аңчылардын атылган тоо текелер менен түшкөн сүрөтү төрт жыл мурун тартылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Социалдык тармактарда үч эркек кишинин атып өлтүрүлгөн тоо текелер менен түшкөн сүрөтү бир топ терс маанайдагы талкууну жараткан. Сүрөт Кыргызстандын аймагында тартылганы аныкталды. Эгер сүрөттөгү аңчылардын мергенчиликке уруксаты жок экени белгилүү болсо, ар бир тоо теке үчүн 55 миң сом айып пул төлөп, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Сүрөт болжол менен 2012-жылы тартылган. Биздин агенттиктин өлкөдөгү жан-жаныбарларга көзөмөл кылуу функциясы жок, андай укуктун баары Экотехинспекцияда. Эгер мергенчилер мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталаса, материалдын баарын инспекцияга өткөрөбүз", — деди Рустамов.

Бир тоо текени атууга уруксат алуу кыргызстандыктар үчүн 10 миң сом, ал эми чет элдиктер үчүн 70 миң сомду түзөт. 

Кыргызстандын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан жаныбарлары туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0