Маданият министрлиги "Эң начар клуб" сынагын жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген музыкалык топтун архивдик сүрөтү
Улуттук кийим кийген музыкалык топтун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү, маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну көздөгөн сынак 2016-жылдын 25-октябрга чейин өткөрүлөт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Эң мыкты" жана "Эң начар клуб" сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Аталган конкурс элдин руханий керектөөсүн, муктаждыгы менен эстетикалык мүдөөсүн канааттандырбаган жана жалпы маданий эс алуу иш-чараларын уюштуруучу клуб мекемелеринин начар абалын көрсөтүү максатында уюштурулууда. 

Ярославль шаарынын Юбилейный эс алуу, маданият паркындагы Кыргызстан маданият күнүнүн катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Улуттук ашкана жана оюндар: Ярославлда КРдин маданият күнү өттү
Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү, салттуу мурастарды сактоо менен маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну көздөгөн сынак 2016-жылдын 25-октябрга чейин өткөрүлөт. 

Республикалык кароо-сынакка бардык клубдар катышып, жер-жерлерде жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссия түзүлөт. 

Комиссияны курамына жергеликтүү бийликтин, маданият бөлүмдөрүнүн, коомдук уюмдардын, профсоюздардын, мекемелердин өкүлдөрү кирет. 

Республикалык комиссия жиберилген маалыматтардын жана протоколдордун негизинде "Эң мыкты" жана "Эң начар клуб" аныкталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0