Пансиондун алдына ташталган кемпир атын эстей албай жатат

Жазылуу
Көчөдө беш сааттай жатып калган кемпир учурда ооруканада.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектеги "Ардагер" пансионунун жанынан табылган кемпир өзүнүн аты-жөнүн эстей албай жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектиктер байбиченин оор баштыгын көтөрүшүп жардамдашабы – соцэксперимент
Буга чейин Тез жардам кызматы пансиондун жанында карыган аялды бир нече саат жатып калганын билдирген. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна алып келинген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, медициналык кароонун жыйынтыгында анын баш мээси чайкалып, денесинин айрым жерлери тытылганын аныкташкан.

"Укпай да жатат, сүйлөбөйт дагы. Аты-жөнү ким экенин да эстей албай койду. Учурда өзүнө келип, тамак ичип калды", — деп ооруканадан билдиршти.

Бейтап азыр керектүү бардык дары-дармек менен камсыз болгонун жана дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин министрликтен айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0