Бишкектин кээ бир жерине бир күнгө муздак суу берилбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКрандан тамган суу, архивдик сүрөт
Крандан тамган суу, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерине байланыштуу кеээ бир райондордо суу берүү токтотулат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында саат 9.00дөн баштап 15.00гө чейин борбордун кээ бир райондорунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгынан билдиришти.

Бул кадам суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерине байланыштуу жасалууда.

Суу берүү Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта токтотулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0