Абдылдаев БУУга Көчмөндөр оюндарын дайыма колдоп турууну сунуштады

© AP Photo / Jason DeCrowКыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп аткан кезде
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп аткан кезде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Радикалдашуу жана диний кастыкты жоюу үчүн маданияттар аралык диалог керек. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданияттар аралык диалогду өрчүтүүгө жакшы негиз бере турганын КР тышкы иштер министри Эрлан Абдалдаев баса белгиледи.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп жатып маданияттар аралык диалогду экстремизм жана диний кастыктын алдын алуу катары колдонууну сунуштады. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтында маалымдалды.

КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ТИМ башчысы Абдылдаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугат
Буга чейин Абдылдаев КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндөгү тексти Башкы ассамблеянын резолюциясына диндер жана маданияттар аралык диалогду өрчүтүү катары киргизүүнү сунуштаган.

Эл аралык коопсуздук жана тынчтык маселесин козгогон министр БУУнун трибунасынан дүйнөлүк державалардын лидерлерине өз ара пикир келишпестиктерин четке коё туруп, биргелешкен аракет менен жалпы коркунучтарга карата бирге күрөшүүгө чакырды.

"Дүйнө жүзүндө болуп жаткан терроризм, экстремизм жана диний кастык Кыргызстанды дагы кыйгап өткөн жок. Биз мамлекеттин жана өз жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо үчүн аракет кылууга мажбурбуз. Бирок, мындай нерселерди ошол болгон жеринде чечүү абдан таасирдүү болот деп ойлойбуз", — деген пикирин Абдылдаев билдирген.

Сайтта терроризм, экстремизм жана диний кастыктын алдын алуунун эң жакшы жолу маданияттар аралык диалог экенин Кыргызстан баса белгилегендигин жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0