Кадамжайлык багбан: "Поле чудес" берүүсү менен Путинге кооз алма жибергем

© Sputnik / Айида БатырбековаКадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитовдун алмалары
Кадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитовдун алмалары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта аталган аймакта алма фестивалы өтүп жатат.

БАТКЕН, 24-сен.- Sputnik, Айида Батырбекова. Кадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитов өзгөчө алмаларды өстүрүп, анын бетине кардар каалаган жазууну же сүрөттү түшүрө алат.

Эскерте кетсек, учурда аталган аймакта алма фестивалы өтүп жатат.

© Sputnik / Айида БатырбековаКадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитов өзгөчө алмаларды өстүрүп, анын бетине кардар каалаган жазууну же сүрөттү түшүрө алат
Кадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитов өзгөчө алмаларды өстүрүп, анын бетине кардар каалаган жазууну же сүрөттү түшүрө алат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитов өзгөчө алмаларды өстүрүп, анын бетине кардар каалаган жазууну же сүрөттү түшүрө алат
© Sputnik / Айида БатырбековаБагбандын айтымында, мындай ыкманы ишке ашыруу үчүн ага көп жыл керектелген.
Багбандын айтымында, мындай ыкманы ишке ашыруу үчүн ага көп жыл керектелген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Багбандын айтымында, мындай ыкманы ишке ашыруу үчүн ага көп жыл керектелген.
1/2
Кадамжайлык багбан Шадибек Абдибаитов өзгөчө алмаларды өстүрүп, анын бетине кардар каалаган жазууну же сүрөттү түшүрө алат
2/2
Багбандын айтымында, мындай ыкманы ишке ашыруу үчүн ага көп жыл керектелген.

Багбандын айтымында, мындай ыкманы ишке ашыруу үчүн ага көп жыл керектелген.

"Мындан 10 жыл мурун кызым кадимки сагыз менен алманын бетине жазуу жазып коюптур. Ошондон кийин алма бетине кардар каалаган сөздү жазуу идеясы келди. Бирок аны ишке ашыруу оңой болгон жок. Бир жаздым, эки жаздым болгон жок. Жыл сайын оңдоп отуруп акыры максатыма жеттим", — деди Абдибаитов. 

Ал өз учурунда "Поле Чудес" ток-шоусунун 25 жылдыгына карата куттуктоо жазылган алма жибергенин билдирди.

"Поле Чудестин" 25 жылдык мааракесине алма жибергем. Ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путинге "Путин президент Росийской Федерации" деп алманын бетине жазып ишенимдүү адамдардан берип жибергем. Бирок жеткен-жетпегенин билбей калдым", — деди Абдибаитов.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Карагат FEST: Көлдүн Ак-Суусунда мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат
Багбанга башка өлкөлөрдөн дагы заказдар келип турат. Буга чейин түркиялык ишкер адамга кыздардын ысымы жазылган 300 даана алма жиберген. Тойлор болгондо дагы шакектин сүрөтү түшүрүлгөн же түгөйлөрдүн ысымдары жазылган алмаларды сатат. Заказчылар андай алмаларды алуу үчүн алма көк болуп түйүлгөндөн баштап кезекке туруп заказ кыла башташат.

Багбан алманын бетине сүрөттү түшүрүү сыры менен бөлүшүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0