Ажылык сапарга аттангандардын алтынчы каттамы Кыргызстанга конду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКонуп жаткан учактын архивдик сүрөтү
Конуп жаткан учактын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын көпчүлүгү мекенине келишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди. 

Анын айтымында, бүгүн зыяратчылардын алтынчы каттамы келип конду. 

"Учурда ажылык сапарга баргандардын көпчүлүгү мекенине кайтып келишти. Учурда түндүк региондон баргандар толугу менен келип бүттү. Ал эми түштүк региондон болсо үч каттам, жалпы болуп алты каттам келди. Калган ажылардын 30-сентябрга чейин келиши күтүлүүдө", — деди Эргешов. 

Эске салсак, Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн. Ажылар 18-сентябрдан тарта Кыргызстанга кайта башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0