Финпол: "ишкерлер" өлкөдөн 81,9 миллион сом чыгарып кеткен

Жазылуу
Ыкчам иликтөөнүн арты менен жалган ишкананын директору колго түшүп, тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кылмышкерлер өлкөдөн Кытай, Тайвань, Гонконг жана Австрияга 81,9 миллион сом алып чыгып кетишкен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Көмүр түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Электр станциялары" ишканасы 138 млн. сомго көмүр сатып алат
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынан майга чейин белгисиз ишкананын эсебине аталган суммадагы акча которулган. Ал фирма каражатты чет өлкөгө которуп турган. 

Ошентип мыйзамсыз аракеттердин арты менен мамлекетке салык төлөбөгөндүгү үчүн 6 миллион сом зыян келтирилген.

Ыкчам иликтөөнүн арты менен ишкананын директору колго түшүп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0