Финансы министрлиги 100 кызматкерин кыскартуу боюнча өкмөткө сунуш берди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖумушчулар. Архив
Жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган министрликте оптимизациялоо иштери жүрүп жатканын министрдин орун басары билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. КР Финансы министрлиги оптимизациялоо иштеринин алкагында өзүнүн бардык түзүмдөрүн кошкондо 100 кызматкерди кыскартуу боюнча өкмөткө сунуш бергенин министрдин орун басары Алмаз Бакетаев "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракция жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу аталган министрлик чыгашаларын азайтуу үчүн кандай аракеттерди жасап жатканын сурады.

"Жогорку Кеңештин бюджети 700 миллион сомдон ашып, миңден ашык киши иштейт. Финансы министрлигинин бюджети миллиард сомдон ашат экен. Ал жакта Жогорку Кеңештегидей 120 депутат жок да. Силер чыгымдарды азайтуу боюнча кандай аракеттерди көрүп жатасыңар", — деп сурады.

Бакетаев жергиликтүү бөлүмдөрдү чогуу эсептөө менен 100 кызматкерди кыскартуу боюнча сунуш өкмөткө берилгенин айтты. Ошондой эле оптимизациялоо иштеринин алкагында кызматтык унаа жана башка транспортко кеткен чыгымдар кыскартылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0