Кытай грантына Бишкектеги жана жаңы конуштардагы 49 көчө эки жылдын ичинде оңдолот

Жазылуу
Гранттын жалпы көлөмү 490 миллион юанды түзөт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кытай грантынын негизинде Бишкектеги 49 көчө эки жылдын ичинде оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурлан Эшенбаев "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 49 көчөнүн 16 көчөсү жаңы конуштарда болот.

"Калгандары Бишкек шаарынын ичиндеги жолдор. Азыр Иманалиев көчөсүндө иштер башталды. Келишимдин баасы 490 миллион юанга барабар", — деди ал.

Эшенбаев быйыл республикалык бюджеттен 118 миллион сом каралганын ага Чүй көчөсүнүн Лермонтовдон Ауэзовго чейинки бөлүгү жасалып жатканын билдирди.

"Республикалык бюджеттен каралганы менен акча бүгүнкү күнгө чейин бөлүнө элек. Бирок подрядчик иштерди аткарып жатат. Азыр 35 миллион сомдук жумуш аткарылды", — деди ал.

Эшенбаев жыл аягына чейин бул жол кесими бүткөрүлө турганын баса белгиледи.

Бишкектин "өлгөн" көчөлөрүн Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү картадагы сүрөттөрдөн көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0