Өзбекстан Кыргызстандын аймагынан учуп өтүүгө уруксат сурады

© Фото / ГПС КРТик учак. Архивдик сүрөт
Тик учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сох анклавында өзбек аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, абалы оор экени айтылууда. Аны өзбек тарап тик учак менен алып кетмекчи.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Өзбекстандын чек ара кызматы Кыргызстандын аймагынан учуп өтүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу КРдин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын тик учагы Сох анклавында жол кырсыгына кабылып оор абалда жаткан аскер кызматкерин алып кетүү үчүн Кыргызстандын аймагын кесип өтүшү керек.

Кыргыз тарап тик учактын өз аба мейкиндигинен буга чейин сүйлөшүлгөн багыт боюнча учуусуна уруксат бергенин кабарлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0