Окумуштуулар тамекинин дагы бир зыянын таап чыгышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСигарет чеккен киши. Архив
Сигарет чеккен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамекинин уусу 30 жылга чейин денеден кетпей адамдын ден соолугун жабыркатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Окумуштуулар тамекинин дагы бир зыянын таап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости NBC News басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Гарварддын медицина мектебинин окумуштуулары тамеки адамдын ДНКсын буза турганын, жабыркаган органдар адам тамеки тартпай калган учурда да калыбына келбей турганын белгилейт. 

"Тамеки ДНКдагы молекулалардын өзгөрүшүнө алып келип, гендердин иштештине тоскоолдук жаратат. Анын кесепетинен улам рак, жүрөк илдеттери жаралат. Оору 30 жылга чейин созулушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган изилдөөлөргө 16 миң адам катышкан. 

Эске сала кетсек, тамекинин айынын (никотиндин кесепетинен улам рак илдетине, жүрөк оорусуна чалдыккандар) жылына 6 миллион адам каза болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0