Ош: аскер бөлүгүндө жоокердин каза болушу биринчи жолу катталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскер. Архив
Аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-сентябрда №01525 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болгон. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова бүгүнкү отурумда аталган бөлүктө 71 жоокердин өлгөнүн айтты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы №01525 аскер бөлүгү ачылгандан бери ал жакта 70тен ашуун жоокер каза болгон деген маалымат чындыкка коошпой турганын аталган аскер бөлүктүн командирдин тарбиялык иштер боюнча орун басары, полковник Талантбек Кулбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматы 6-сентябрда аталган аскер бөлүгүнөн жоокерлер мушташып, ефрейтор Эламан Ташбалта уулу каза болгонун кабарлаган.

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова №01525 аскер бөлүгү ачылгандан бери ал жакта 71 жоокер каза болгонун айткан. 

"Андай болушу мүмкүн эмес. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Биздин бөлүк 2003-жылдан бери иштейт", — дейт Кулбаев.

Анын айтымында, жоокердин каза болушу боюнча кызматтык иликтөө жүргөн. Жооптуу кишилер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, кылмыш иши козголгон.

Кулбаев ошондой эле шектелип жаткан З.Б. аттуу жаран камакка алынып, учурда Оштогу гарнизондун гауптвахтасына киргизилгенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0