"Тынчтык миссиясы — 2016" машыгуусуна келген чет элдик аскерлер кайтууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тынчтык миссиясы — 2016" машыгуусунун катышуучулары
Тынчтык миссиясы — 2016 машыгуусунун катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антитеррордук аскерий машыгуулар 15-21-сентябрга чейин Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда өткөн.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Балыкчы шаарында "Эдельвейс" полигонунда өткөн "Тынчтык миссиясы — 2016" машыгуусуна келген чет элдик аскерлер кайтып жатканын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты.

Тынчтык миссиясы — 2016" антитеррордук аскерий машыгуулар 15-21-сентябрга чейин өткөн.

"Биринчилерден болуп Кытайдын аскерлери жөнөштү. Себеби алар эң узак жолду басып өтүшөт. Андан кийин полигондон Тажикстандын аскер техникасы жөнөп кетти", — деп айтылат маалыматта.

Андан кийин Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер техникасы чыккан. Алар "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0