Төрөбаев премьерден өзгөлөрдүн эмес, өз оюн айтуусун талап кылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоого алуу керек деген пикирде.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Конституциялык өзгөртүүлөрдү толугу менен колдой турганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: "Коопсуз шаар" долбоорун жергиликтүү органдар каржылайт
Эске сала кетсек, КСДП, "РАЖ", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары референдум жолу менен баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Ал эми Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаев баштаган УОнын айрым мүчөлөрү каршы чыгып, саясий кырдаал курчуган. 

Парламенттеги отурумда "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган маселе боюнча өкмөт башчынын позициясына кызыкты. 

"Көпчүлүк депутаттарга жана элге кызык болуп жатат. Конституцияны өзгөртүү боюнча позицияңыз кандай? Жаңы өзгөртүүлөр боюнча коалиция тарап, өкмөттүн курамы өзгөрүшү керек", — деди Төрөбаев. 

Өз кезегинде Жээнбеков бардык өзгөртүүлөрдү колдой тургандыгын айтты. 

"Конституция боюнча бардык өзгөртүүлөрдү колдойбуз. Коалиция жаңы түзүлсө, жаңы өкмөт келиши керек. Мен колдойм", — деди Жээнбеков. 

Ал эми Төрөбаев өкмөт башчы өзүнүн оюн билдирсе болмок деп нааразыланды. 

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0