Премьер: Балыкчы — Корумду жолуна мектептерге кетчү чыгымдар жумшалып кетти

Жазылуу
Премьер-министр аталган жолду курууда өкмөт кыйналып кеткенин кошумчалады.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолун куруу үчүн айрым мектептерге кетчү чыгымдар жумшалып кетти. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЖКдагы өкмөт сааты учурунда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган унаа жолун Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүү каралып, тилекке каршы план ишке ашпай калган. 

"Ачыгын айтканда ушул жолду курабыз деп кыйналып кеттик. Көп жактан акча сурап жатабыз. Айрым мектептерге делген акчаларды да жумшап жибердик. Негизи Көчмөндөр оюндарына чейин бүтүшүбүз керек эле, тилекке каршы, болбой калды. Эми кышы менен болсо да куралы деп жатабыз. Билесиздер, Балыкчыда кар жаабайт", — деди Жээнбеков.

Учурда парламентте өмөт сааты уланууда. Анда мигранттардын көйгөйү, "коопсуз шаар" программасы, чек ара маселеси жана жол кырсыктарын алдын алуу жаатында талкуу болууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0