КРнын банктары эстеликтерди иретке келтирүү боюнча акция башташты

© Фото / пресс-служба "Росинбанка"Сотрудники банков убирают территории памятника в рамках эстафеты "Наши памятники — наша память"
Сотрудники банков убирают территории памятника в рамках эстафеты Наши памятники — наша память - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстанда иш алып барган 8 банк катышты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын коммерциялык банктары "Эстеликтер эсибизде сакталуу" аттуу эстафета башташты. Бул тууралуу "Росинбанктын" сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, мекеменин кызматкерлери Бишкекте, Ошто жана Караколдо ишембилик өткөрүштү.

Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалыктын" жетекчиси: шаардыктар таштанды ыргытпа деген жумушчуну уруп коёт!
Бишкекте тилчи, түрколог Константин Юдахиндин, Ошто Курманжан датканын эстеликтери иретке келтирилип, Караколдо жазуучу Александр Пушкиндин эстелигинин айланасы тазаланды.

Акциянын башкы максаты —Кыргызстандагы эстеликтерди тазалап, айланасын жашылдандыруу болуп саналат. Акциянын шартына ылайык бир банктан экинчи бир банкка эстафета өткөрүлөт.

Эстафетаны кабыл алган банк каалаган бир эстеликти тандап, иретке келтирип бүткөндөн кийин башка банкка кезекти өткөрүп берет.

Буга чейин аталган акцияга 8 банк катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0