Москвадагы өрттөн каза болгондордун балдарына стипендия төлөнөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков“Манас” аба майданына жеткирилген маркумдар. Архив
“Манас” аба майданына жеткирилген маркумдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын борборундагы басмаканада чыккан өрттөн Кыргызстандын 14 жараны каза болуп, алардын артында 11 бала калды. Демөөрчүлөр ар бир балага айына 1700 сомдон төлөп турмай болду.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москвадагы өрттөн каза болгон кыргызстандык жарандардын артында калган жаш балдарына демөөрчүлөр ай сайын стипендия төлөп турарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Августтун аяк ченинде "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан Кыргызстандын 14 жана Россиянын үч жараны каза тапкан. Көз жумгандардын баары 18-25 жаш курактагы кыз-келиндер болгон. Алардын артында 11 бала калды.

Министр Кудайберген Базарбаев каза болгондордун бири Динара Раимкулованын үйүнө барып, балдарынын ал-абалын көрдү.

"Бул кырсык элдин башын бириктирип койду. Энелеринен ажыраган балдарга көрсөтүлгөн жардам бир жолку болбошу керек. Министрлик демөөрчүлөрдү тапты. Алар ар бир балага 18 жашка чыкканга чейин ай сайын 1700 сомдон стипендия төлөп турат. Өкмөт депозиттик эсеп ачты, ага да каражат түшүп турат", — деди министр.

Буга чейин Базарбаев "Айыл банк" жана "РСК-Банк" жетекчилери менен депозиттерди чогултуу механизмдерин талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0