Чек ара, миграция, коопсуздук — өкмөттүн Жогорку Кеңеште отчет берет

Жазылуу
Өз тармагындагы иштер тууралуу депутаттар алдында ар бир министр айтып бермекчи.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шаршемби күнү Жогорку кеңеш отурумуна катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Күндүн экинчи жарымында министрлер кабинети ЖК алдында отчет берет. Өкмөт мүчөлөрү чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугун коргоодо көрүлүп жаткан чаралар, жол коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу иштери, "Коопсуз шаар" долбоору, чек ара маселелерин чечүүдө көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалыматтарын бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0