КР Улуу Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда медиа аянтча түзүүнү сунуштады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТелеканалдын студиясы. Архив
Телеканалдын студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЭКСПО "Кытай-Евразия" эл аралык көргөзмөнүн негизинде форум болуп өттү. Анда алдыда аткарылуучу пландар талкууга алынды.

БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Кыргызстан Улуу Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда медиа аянтча түзүүнү сунуштады. Мындай демилгени Үрүмчү шаарында "Кытай-Евразия" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жаткан маалымат форумунда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, медиа аянтча маалымат каражаттарынын узак убакытка чейин кызматташуусу үчүн зарыл.

"Мындай ресурстун жардамы менен биз өлкөдөгү жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар жөнүндө маалымат менен алмашып турмакпыз. Буга жакында эле болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун мисал катары алсак болот", — деди министрдин орун басары.

Форумдун жүрүшүндө телевидение, радио жана пресса алкагында болгон кызматташуу жөнүндө КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин маалымат кызматынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү.

Форумга 14 өлкөдөн келген ЖМК өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0