Бишкекте мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өтөт

© Sputnik / Лев РыжковКыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан адам. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилине 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик статус берилген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мамлекеттик тилдин 26 жылдыгына карата Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында атайын иш-чара өтөрүн Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чара 21-сентябрда өтөт. Ага Мамлекеттик тил комиссиясынын, Бишкек шаардык кеңештин, мэриянын өкүлдөрү, райондун жетекчилери, мектеп директорлору менен бала бакчанын жетекчилери катышат.

Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик статус берилген. Ошондон бери 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0