Бишкектин борборундагы саат Көчмөндөр оюнуна чейинки убакытты артка карай санайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында коюлган саат
Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында коюлган саат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач, бул саат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин канча күн калганын билдирип турган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында коюлган саат кийинки көчмөндөр оюнуна чейин канча убакыт калганын артка карай санап көрсөтөт. Бул туурасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлү Медер Тилекматов Sputnik Кыргызстан сайтына билдирди.

Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жыл сайын Кыргызстанда гана өткөрүлө тургандыгын айткан. Келерки оюндар 2018-жылга туш келмекчи.

Тилекматов бүгүн саат 714 деген санды көрсөтүп тургандыгын, 2018-жылдын 3-сентябрына чейин ушунча күн калгандыгын айтты.

"Бул эми болжол менен алынган дата. 2018-жылдын 3-сентябры дүйшөмбүгө туура келет экен. Бирок, жарандарга Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына чейинки убакытэмитен эле саналып башталгандыгын көрсөткүбүз келди. Оюндун кайсыл күнү өтөрү 2017-жылы так белгилүү болот",— деди Тилекматов.

Алгач, бул саат 3-8-сентябрда болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейинки убакыттын канча калганын санап турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0