Бишкектеги Кытай элчилиги визаны октябрдан тарта бере башташы ыктымал

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКытай элчилигинин имаратындагы желектин тартылган архивдик сүрөтү
Кытай элчилигинин имаратындагы желектин тартылган архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-августта элчиликте болгон жарылуудан улам виза берүү убактылуу токтотулган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектеги Кытай элчилиги Кыргызстандын жарандарына визаны 10-октябрдан кийин гана бере башташы мүмкүн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Кытай элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги терактыдан кийин 300гө жакын студент Кытайга кете албай турат
Белгилей кетсек, 30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын жанкечти жардыргыч заттар салынган машина менен барып сүзүп, жардырган. Анын кесепетинен жан кечти каза болуп, элчиликтин бакчасында иштеген Кыргызстандын үч жараны жаракат алган. Жардыруудан кийин Кытай элчилиги Кыргызстандын жарандарына Кытайга кирүү үчүн виза берүүнү токтоткон

"Алдын ала маалыматтар боюнча эгер бардыгы жайында болсо виза 10-октябрдан тарта бериле баштайт", — дейт Үсөнов.

Ал аталган маселе элчиликтин кызматкерлери менен бир нече жолу талкууланганын кошумчалады.

Кытай элчилигиндеги жарылуунун чоо-жайын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0