Өмүрбек Текебаев: менин артыман төрт машина аңдып жүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекендин лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекендин" лидери ошондой эле бардык жарандар үчүн ачык почта ача турганын, ал жакка ким кандай маалымат билсе ошону жазууга болорун маалымдады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын ледири Өмүрбек Текебаев анын артынан күн-түнү төрт машина аңдып жүргөнүн маалымат жыйында билдирди. 

Ал өз сөзүндө акыркы учурларда Атамбаевдин атаандаштарын жок кылуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтып, мамлекеттин үлүшү бар ЖМКлар президентке атаандаш болчуларды каралап жазып жатканын кошумчалады. 

"Мындай аракеттерди авторитардик системаны жана тоталитардык мамлекетти түзүү аракети катары баалайм", — деди ал. 

Текебаев ошондой эле Атамбаевдин койташтык айылдаштары бүгүн парламентке келип, андан "Атамбаев хан сарай салып жатат деген маалыматты ким айтканын айт" деп талап кылышканын белгиледи. 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Ибраимов: Өмүрбек Текебаевди сотко берүүнү ойлонуп жатам
"Кой-Таштагы кишилер менен жолуктум, мага айыл башчысы келип, ким маалымат айтканын айт деп келди. Мен аларга ким айтканын айтышым керек экен. Ким айтканын мен билбейм, кимдер менен жолукканымды да билбейм. Бирок алардын айткандары тастыкталып жатат. Алар мага бир канча жыл мурда эле айтышкан. Мен бул аракеттерди басым катары кабыл алам", — деди ал. 

Текебаев азыр айыл өкмөт башчысы айылдыктардын ар биринин үйүнө кирип Текебаевге ким маалымат бергенин аныктап жатканын айтты. 

Ал ошондой эле Акаев жана Бакиев заманында да мындай аракеттер болбогонун билдирди. 

"Мен Бакиев жана Акаев сыяктуулар менен да алышкам. Алар өз атаандаштарын Эгемендүүлүк күнүндө эл алдында шылдыңдап, мазактаган эмес. Азыркы бийлик тарабынан болуп жаткан аракеттерди бул мамлекетти бөлүп-жаруу катары баалайм", — деди ал. 

"Ата Мекендин" лидери ошондой эле бардык жарандар үчүн ачык почта ача турганын, ал жакка ким кандай маалымат билсе ошону жазууга болорун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0