Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук

© Фото / Ярослав МальцевКуткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив
Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тирүүлөй өрттөнүп кеткен 65 баланын элеси… Суудан чыгара албай, чөгүп бараткан досуңдун жүзү… Кырсыктан улам денеден ажырап калган бут… Куткаруучунун баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева жазып алды.

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаровдун жаңылып-жазып калган учурун элестетүү да кыйын. Адамдын тагдыры, жашоосу сенин ыкчам аракетиңден, так ишиңден көз каранды болуп турса, жоопкерчиликтин туу чокусу ушул эмей эмне?!

— Алгачкы тапшырма эсиңизде болсо керек?

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жайкы туристтик сезондо Бишкек — Каракол жолунда 322 жол кырсыгы катталган
— 1999-жылы Түркиянын Измит шаарында катуу жер титирөө болуп, калаанын 70 пайызы урандыга айланып калган. Абдан көп киши өлгөн болчу.

Батыш мамлекеттеринен келген куткаруучулар аман калган адамдар менен гана иштейт экен, биз өлгөндөрдүн сөөгүн чыгарып аттык. Туугандары өз ариетин кылып алалы деп суранып жатышты, биз баш тарта алган жокпуз.

Он күн иштедик. Уранды алдынан тирүү калган үч кишини алып чыктык, өлгөндөрдү санаган да жокпуз.

— Жүрөк үшүтөт экен! Кыргызстандачы?

— Кыргызстанда алгачкы жолу ишке 2001-жылы, Куткаруу кызматы жаңыдан иштей баштаганда чыктым. Майрам болчу, элдин баары үйлөрүнө кетип, биз калганбыз. Көп өтпөй эле чакыруу түштү: Кой-Ташта унаа бакты сүзүп алган экен. Келсек, жабыркагандар эс алуудан үйүнө кайтып бараткан үй-бүлө болуп чыкты. Көрсө, жолго ит чыга калып, аны тебелетип кетпейин деп айдоочу рулду дароо буруп жиберген экен.

Күйөөсү аман калып, жубайы эшикке ыргып кеткен экен, буту машинанын ичинде калыптыр. 

© Фото / Ярослав МальцевКуткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров: балдардын өлүмү аябай жүрөгүмдү оорутат. Эсиңиздеби, 2008-жылы "Манас" аэропортунун жанынан учак кулап түшкөн. Ичинде баскетболчу балдар бар эмес беле?.. Биз келсек, өрттү өчүрүшүптүр. Куткара турган эч ким калбаптыр: тирүү киши эмес, темир эрип кеткен экен
Командир группы Службы спасения по Бишкеку лейтенант Артур Эрназаров - Sputnik Кыргызстан
Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров: балдардын өлүмү аябай жүрөгүмдү оорутат. Эсиңиздеби, 2008-жылы "Манас" аэропортунун жанынан учак кулап түшкөн. Ичинде баскетболчу балдар бар эмес беле?.. Биз келсек, өрттү өчүрүшүптүр. Куткара турган эч ким калбаптыр: тирүү киши эмес, темир эрип кеткен экен

— Үзүлүппү?!

— Ооба. Туугандары да келип калышты. Алар бизден аялдын бутуп алып чыгып, денесинин жанына коюп берүүбүздү суранышты. Эч кимибиз мындайды көрбөптүрбүз!.. Жүрөк түшүп калды… Анан өзүмдү колго алып: "болгула, иштешибиз керек" деп балдарга дем берип турдум. Өзүбүзгө келип, милдетибизди аткардык.

— Жумушуңар өтө эле коркунучтуу экен. Жадыңызда өмүр бою кетпей тургудай болуп сакталып калган окуя барбы?

Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карылар үйүнүн кызматкери: келмени деле ойлобой, кызын күткөн боюнча көз жумду
— Балдардын өлүмү аябай жүрөгүмдү оорутат. Эсиңиздеби, 2008-жылы "Манас" аэропортунун жанынан учак кулап түшкөн. Ичинде баскетболчу балдар бар эмес беле?.. Биз келсек, өрттү өчүрүшүптүр. Куткара турган эч ким калбаптыр: тирүү киши эмес, темир эрип кеткен экен.

Көрсө, учак кулаганда балдардын баары авариялык эшикти көздөй чуркашыптыр. Тыгында калышып, тирүүлөй эле күйүп кетишиптир. Биринин үстүнө бири кулап… Биз алардын сөөктөрүн бири-бириникинен ажыратып, каптарга салдык… 65 сөөк…

Аман калгандарынын ыйлаганын эми айтпаңыз!

— Бөөдө кырсыктан Кудай алыс кылсын. Куткаруучуларды көбүрөөк кайсы максатта чакырышат?

— Бекилип калган эшиктерди ачууга. Кабат үйлөрдө жашагандар ачкычтарын жоготуп алышат, же шамалдан улам эшик жабылып калып кожоюну эшикте калат дегендей. Биз үйдүн чатырынан терезе аркылуу кирип, каалганы ачып беребиз.

— Ушундай арзыбаган нерселерге да бара бересиңерби?

— Биз адам өмүрүнө кооптуулук жараткан окуялардын баарына барабыз. Мисалы, эгерде бекилип калган үйдүн ичинде кичинекей бала болсо, же газда чайнек калып калса.

Эки саат мурун эле бир баласын көтөргөн аял эшикте калып, үйдүн ичинде 1 жаш 8 айлык бала калып калган жерге барып келдик. 

— Балдар кокустуктан эмес, ата-эненин кайдыгерлигинен улам жалгыз калып калган учурлар болобу?

— Ооба. 12-кичи райондо бир аял психикалык жактан жабыркаган беш жаштагы эгиз балдарын сыртынан бекитип кетип калыптыр. Үйү 9-кабатта экен. Наристелердин бири терезени ачып, карнизге отуруп алган. 

Адвокат Жылдыз Ниязова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адвокат менен доктурдун эмне окшоштугу бар? Бишкектик юрист менен маек
Кошуналар байкап, бизди чакырышыптыр. Биз баргыча терезенин алдына одеал тартып, жыгылып кетсе тосуп алууга даяр турушкан экен.

Батирге үйдүн чатырынан кирдик. Шеригим баланы алып, үйдүн ичине киргизди. Ылдыйда бизге көз салып тургандар кинодогудай эле кол чаап жиберишти. Бирок эшикти ичинен да, сыртынан да ачууга мүмкүн эмес экен. Аял жок, телефону өчүк. Эптеп балдардын атасын таптык. Ал келгени менен же эч нерсе кыла албайт. Куткаруучубуз ошентип эки саат үйдө калган.

Анан эгиздердин апасы келип, эшикти ачып берди.

— Шумдугуң кур… Дагы жакшы балдар ширеңке чагып жиберишпептир. Эне сөрөй эмне деди?
— Милиция кызматкерлери сүйлөшүп атышкан. Ал жагы биздин жумуш эмес да. Мен үчүн эң башкысы — буюм-тайымыбызды алып кетти деп күнөөлөшпөсө болду. Анткени, куткаруучубуз эки сааттай үйдө болуп калды да. Кээде бир-эки күн өткөндөн кийин үйдүн ээси бир нерсесин жоготуп алып деле биздин үстүбүздөн арыз жаза берет. Андыктан дайыма бизге эч кандай доо жок деген тил кат жаздырып алчу болдум.

— Ой, бүттү. Келиңиз жакшы нерсе тууралуу сүйлөшөлүчү. Жумушта көңүл көтөрө турган учурлар болобу?
— Былтыр түнкү саат үчтө телефон чалышты. Кыз үйүндө компьютерде отурса, батирине кескелдирик кирип кетиптир. Кыздын тынчын алган жандыкты дубалдан таптык. Ал чыпалактай болгон неме экен. Кыз болсо диванга чыгып алып, болушунча кыйкырып жатыптыр. Анын үшүн алган кескелдирикти ошентип кармап кеткенбиз.

— Эми андай чакырууларга барбай эле койсоңор болбойбу. Ар кандай болушу мүмкүн да, мисалы мен жөргөмүштөн корком…
— Биз анын өмүрүнө коркунуч жаралган болуш керек, кескелдирикти чоң экен деп ойлодук да.

— Чакырууга чыкканда мындай жаныбарларга көп туш болосуздарбы?
— Менин тажрыйбамда андайлар көп эле болду. Уй, жылкы, жылан, кирпи, чычкандарды алып чыктык. Мисалы бир жолу "Арча-Бешик" жаңы конушунан чалышты. Үй ээси ажаткана салам деп жерди казып койсо ага ую түшүп кетиптир. Аны аркан менен тартып жатып чыгарып бергенбиз. Быйыл 3-4 жолу жылан кармадык. Алар жер тамга, кээде көп кабаттуу үйлөргө да кирип кетет.

— Аларды кармагандан кийин эмне кыласыңар?
— Биз эми аларды өлтүрбөйбүз, киши жок жерге алып барып кое беребиз. Керек болсо чычкандарды да ошентебиз.

— Чет элдик ЖМКларда чыккан айрым жаңылыктарды карап отуруп таң каласың. Толтура кишинин көзүнчө каза болгондор тууралуу айтылып калат. Алар жардам бергендин ордуна анын өлүмүн телефонго тартып алышат. Бизде да ушундай кайдыгерлик барбы?

Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков. - Sputnik Кыргызстан
Травматолог: сасык тумоонун айынан кыргызстандык айымдар майып балдарды төрөп жатат
— Жок! Бизде кырсыкка кабылгандарга баары кол сунуп жардам беришет. Кээде окуяны карап тургандар бизди башкарып, андай эмес мындай кыл деп акыл үйрөтүшөт. Негизинен алардын айткан кеңештери туура эмес. Бир жолу Чоң Чүй каналы жакка барып калдык, машина сууга түшүп кетиптир. Айдоочусу каза болуптур, биз болсо машинаны алып чыкканга жан үрөп жаттык.

Кишилер чогулуп алып, андай эмес мындай кылгыла деп бизге акыл үйрөтө баштады. Биз бардыгын билебиз дегенден алысмын. Бирок мен эмне жасап жатканымды жакшы билем, өз ишимдин мыкты адисимин. Бир нерсе кылып жатсаң, жаныңда туруп алып андай эмес мындай дегендерди барыбыз эле жактырбасак керек.

— Эми сиздер карап тургандардан айырмаланып, өз өмүрүңөрдү тобокелге салып жатпайсыңарбы?
— Андай да болот. 5-6-жыл мурда кышында суу сактагычка бардык. Киши чөгүп кетиптир, анын сөөгүн алып чыгууга аракеттерди көрдүк. Биздин куткаруучу атайын кийимдерин кийип, муздун үстүнө секирип түштү. Муз жарылып, ал суудагы кишинин сөөгүн алып, үстүнө сүзүп чыкты. Чыгайын десе суунун бетин муз каптап калды. Тиги балабыздын болсо кычкылтеги түгөнүп бара жатат. Жанталашып, музду тазалап жатабыз дейсиз. Жан алакетке түшүп жатып, аны араң аман алып калганбыз. 

— Жумушуңузда эмнени көбүрөөк жакшы көрөсүз?
— Куткарып калган кишиңди дарыгерлердин же туугандарынын колуна тапшырган учурду абдан жактырам. Бир жолу 28 кишинин өмүрүн сактап калдык. Бир нече жыл мурун болгон. Ысык-Көлдөн казакстандык эс алуучуларды салып келе жаткан автобус ала салып кетиптир. Алты же жети киши каза болсо керек эле. Биз түнкү саат ондо келип, таңкы саат бешке чейин иштегенибиз эсимде.

— Алар өздөрү чыга алышпайт беле?

— Автобус мыйрыйып, отургучтар бир жерге жыйылып калган. Кишилер алардын ортосуна кыпчылып калыптыр, көбү жаракат алышкан. Өз алдынча чыгууга алдары жок болчу. 

© Фото / Ярослав МальцевКуткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров: айрым жол кырсыктарында машина жанчылып жарабай калат. Анын ичиндеги кишилерди карасаң, бир жери да тытылбайт. Мындан жети жыл мурда болсо керек эле, поезд менен КаМаЗ кагышкан
Командир группы Службы спасения по Бишкеку лейтенант Артур Эрназаров - Sputnik Кыргызстан
Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров: айрым жол кырсыктарында машина жанчылып жарабай калат. Анын ичиндеги кишилерди карасаң, бир жери да тытылбайт. Мындан жети жыл мурда болсо керек эле, поезд менен КаМаЗ кагышкан

Автобуска киргенде биринчи кимге жардам бериш керек деп ойлонуп калдым. Карасам баары тең баштары жерге салаңдап жатат. Бир аял "мени куткаргыла" деп кыйкырды. Карасам, анын жанындагы аял эс-учун жоготуп, араң дем алып жатыптыр.

Эмне кыларымды билбей калдым. Эсин жоготкон аялды биринчи алып чыктым. Дарыгерлер дагы бир аз калганда ал өлүп калмак дешти. Кыйкырып жаткан аял олуттуу деле жаракат албаптыр.

— Мен өлгөндөн коркпойм, бирок буту-колум жулунуп калганын элестете да албайм. Мундай көрүнүштөргө көп туш болосузбу?

Тубаса шал оорусун жеңип чыккан 26 жаштагы Рустам Галеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шал оорусун жеңген жигит: сөөктөрүмдү сындырып жатканда өзүмдү кордолгондой сезгем
— Жашоодо баары болот. Калп айтпасам, Ала-Арчада цемент чыгарган ишкана бар эле. Ал жакта иштеген элүү жаштардагы киши тайып кетип, цемент аралаштырган аппаратка буту чайналып калыптыр. Аппаратты өчүрүшкөнү менен кишини чыгара албай коюшуптур. Биз келип аны куткардык. Эми буту эт туурагычтан чыккан эттей эле болуп калыптыр.

Жабыр тарткан киши шок абалында болуп, эч нерсени сезген жок. Ага оорутпай турган дары сайдык. Кийин дарыгерлер бутун кесишкен.

— Ийи, дене боюм дүркүрөп кетти. Маегибизди маанай көтөргөн окуя менен бүтүргүм келип жатат. Аягы жакшылык менен бүткөн окуя тууралуу айтып берсеңиз.
— Айрым жол кырсыктарында машина жанчылып жарабай калат. Анын ичиндеги кишилерди карасаң, бир жери да тытылбайт. Мындан жети жыл мурда болсо керек эле, поезд менен КаМаЗ кагышкан.

— Кантип? Темир жолдо атайын жол чырак менен тосмолор бар го?
— Бул кырсык шаардын тышында болгон, ал жакта эч кандай тосмо жок да. КаМаЗ өтүп кетүүгө жетишем деген. Поезд аны какканда өзү рельстен чыгып кетип, ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркаган. КаМаЗдагы кишилер да жаракат алган. Мындай ири кырсык болгону менен бир да киши каза болгон эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0