ТИМ: Нью-Йорктогу жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / RASHID UMAR ABBASIНью-Йорк шаарындагы жардыруу болгон аймактагы полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери
Нью-Йорк шаарындагы жардыруу болгон аймактагы полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алгандардын биринин абалы оор экени айтылууда.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча Нью-Йоркто болгон жардыруудан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Францияынын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Франциянын Дижон шаарындагы жардыруудан көп киши жаракат алды
Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде Нью-Йоркто жардыруу болуп, натыйжада 29 киши ар кандай жаракат алган. Полициянын маалыматы боюнча Манхеттендеги үйлөрдүн жанындагы таштанды челек жарылып, анын жанынан жардыруучу зат болушу мүмкүн делген дагы бир түзүлүш табылган. 

Шаардын мэри Билл де Блазио тергөө бул атайылап жасалган жардыруу деп эсептей турганын белгилеп, бирок бийлик анык бир коркутуулар болбогонун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0