Атамбаев: менин башкы жетишкендиктеримдин бири — РФ менен мамилени жакшыртуу болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Россиянын желеги. Архив
Кыргызстан жана Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти Россиянын мамлекет башчысын өнөктөш же, үзөңгүлөш жүргөн пикирлеши гана эмес, бир тууганындай көрөрүн айтты.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда КР президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн негизги жетишкендиги катары Россия менен болгон мамиленин жөнгө салынышы экенин айтты.

Россиянын президенти КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн келген. Ишемби күнү мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду. Ошондой эле "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине баруу дагы каралган. Бүгүн Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыкты.

"Сиз менен жолукканыма абдан кубанычтамын. Мен сизди бирге жүргөн үзөңгүлөш же стратегиялык өнөктөш катары эмес, бир тууганымдай көрөм. Бардыгы ушундай болгону үчүн тагдырыма ыраазымын. Президент болуп турган беш жыл ичинде негизги жетишкендигим катары Россия менен болгон мамилени жакшы жолго койгонум деп эсептейм", — деди Атамбаев.

Ал өз сөзүндө биздин ата-бабаларыбыз бекеринен душманга каршы турбаганын айтып, алардын ишин мамлекеттердин достугу менен улантуу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0