Текебаев: Фарид Ниязов сотко берсин, негизги күбө Сарпашев болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын жыйынында мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев өлкө башчысы үй куруп жатат делген жердин сатып алынышы боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев КР президентинин аппарат башчысы Фарид Ниязов аны сотко берсе берсин деп фракициянын жыйынында билдирди. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: Ибраимова 2,7 гектар жерди Атамбаевге 33 миллион сомго саткан
Белгилей кетсек, Текебаев кечээ, 15-сентябрь күнү маалымат жыйын өткөрүп, Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы Максим Бакиевдин улутташтырылбай калган жерин сатып алып, үй салып жатканын билдирген.

Буга жооп иретинде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев ал жерди мыйзамдуу сатып алганын, аянты айтылгандан бир топ аз экенин айтып чыкса, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Текебаев бул сөздөрү үчүн жооп берип калышы мүмкүн экенин эскерткен

"Фарид Ниязов бизди сотко берсин. Биздин негизги күбөбүз Тайырбек Сарпашев болот. Ниязов биздин жүзүбүздү жарык кылды. Бакиевдин менчиктерин ким тартып алып колдонуп жатканынын бетин ачты. Беш жылден бери келе жаткан талашка бакыйтып чекит койду", — деди Текебаев. 

Аталган фракциянын жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев Кой-Таштагы Атамбаевге таандык делген жер боюнча маалымат берип, аны мамлекет башчы 2015-жылы 33 миллион сомго Анара Ибраимова аттуу жарандан сатып алганын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0