Москвадагы өрт: басмакана директоруна карата 30 иш козголду

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт. Архив
Москвадагы Печатный экспресс басмаканасында өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган басмакананын директору Сергей Москвин миграциялык жана эмгек мыйзамдарын бузган деп күнөөлөнүүдө.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Өрттөн улам 17 адамдын өмүрүнө забын болгон басмакананын директору Сергей Москвинге карата административдик 30 иш козголду. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Башкы прокуратурасына таянуу менен жазып чыкты. 

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон.

"Текшерүү учурунда миграциялык жана эмгек мыйзамдары бузулгандыгы аныкталган. Каза болгон эки кыргыз кызынын гана Москва шаарындагы каттоосу болсо, калгандарынын каттоосу жок экени такталган. Ал эми өрт учурунда каза болгондордун көпчүлүгү кошумча жумушка тартылып, басмакана менен келишим түзгөн эмес", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган мыйзам бузуулардан улам Москвин жана ал иштеген ишканага карата административдик 30 иш козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0