Президент Атамбаев депутат Текебаевдин айткандарын текшерүүнү буюрду

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текебаев бул маалыматтардын бардыгы расмий эмес экенин айтып, андыктан кандайдыр бир саясий жана юридикалык баа берүүгө эрте экенин баса белгилеген.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маалымат жыйында өлкө башчынын дарегине айтылган сөздөрүнүн чындыгын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев УӨ мүчөлөрүнүн Батыровдун качышына тиешелүүлүгүн текшерүүнү тапшырды
Эскерте кетсек, Текебаев кечээ, 15-сентябрь күнү маалымат жыйын өткөрүп, анда Атамбаев Бакиевдердин улутташтырылбай калган 27,5 гектар жерине турак үй салып жатканын, түпкүрүндө "Дастан" заводуна таандык тилке колдон колго өтүп отуруп, акыры мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимовадан Атамбаевдин ээлигине өткөнүн айткан. 

Муну менен бирге Текебаев бул маалыматтардын бардыгы расмий эмес экенин айтып, андыктан кандайдыр бир саясий жана юридикалык баа берүүгө эрте экенин баса белгилеген.

Андан кийин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев ал жерди мыйзамдуу сатып алганын, аянты айтылгандан бир топ аз экенин айтып чыкса, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Текебаев бул сөздөрү үчүн жооп берип калышы мүмкүн экенин эскерткен.

"Өлкө башчы Башкы прокуратурага депутаттын айткан сөздөрүнүн негиздүүлүгүн кыска мөөнөттө иликтеп чыгууну тапшырып, мекеменин жетекчиси Индира Жолдубаевага мыйзам чегинде иш алып барууну буюрду", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен президент жана коомчулукту Башкы прокуратура кабардар кылып турмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0