Бийлик КМШ президенттери кайда жайгашарын көрсөттү

© Sputnik / Эркин АлымбековКМШ президенттерин тосуу үчүн даярдалан конок үй
КМШ президенттерин тосуу үчүн даярдалан конок үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрь күнү боло турган саммитке КМШ президенттери келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Туруспек Коеналиев журналисттерге КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери кайсыл жакта конок болорун көрсөтүп берди. 

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы конок үйү
Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы конок үйү - Sputnik Кыргызстан
1/7
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы конок үйү
© Sputnik / Эркин АлымбековКонок үйдүн төмөнкү кабаты
Конок үйдүн төмөнкү кабаты - Sputnik Кыргызстан
2/7
Конок үйдүн төмөнкү кабаты
© Sputnik / Эркин АлымбековКонокторду тосуучу жай
Конокторду тосуучу жай - Sputnik Кыргызстан
3/7
Конокторду тосуучу жай
© Sputnik / Эркин АлымбековТүндүк түрүндө жасалган асма шам
Түндүк түрүндө жасалган асма шам - Sputnik Кыргызстан
4/7
Түндүк түрүндө жасалган асма шам
© Sputnik / Эркин АлымбековКонокторду тосуучу жайдын сахнасынан көрүнүш
Конокторду тосуучу жайдын сахнасынан көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
5/7
Конокторду тосуучу жайдын сахнасынан көрүнүш
© Sputnik / Эркин Алымбеков"Ала-Арча" резиденциясындагы боз үй формасындагы кабыл алуучу жай
Ала-Арча резиденциясындагы боз үй формасындагы кабыл алуучу жай - Sputnik Кыргызстан
6/7
"Ала-Арча" резиденциясындагы боз үй формасындагы кабыл алуучу жай
© Sputnik / Эркин АлымбековРезиденциядагы конференц-зал
Резиденциядагы конференц-зал - Sputnik Кыргызстан
7/7
Резиденциядагы конференц-зал
1/7
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы конок үйү
2/7
Конок үйдүн төмөнкү кабаты
3/7
Конокторду тосуучу жай
4/7
Түндүк түрүндө жасалган асма шам
5/7
Конокторду тосуучу жайдын сахнасынан көрүнүш
6/7
"Ала-Арча" резиденциясындагы боз үй формасындагы кабыл алуучу жай
7/7
Резиденциядагы конференц-зал

КМШ өлкөлөрүнүн саммити 16-сентябрь күнү Бишкек шаарында өтөт. 

"Лидерлерди тосуп алып, коноктоо үчүн Ала-Арчадагы резиденцияда эки кабаттуу үй курулууда. Имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле башталган, 20-август күнү бүттү", — деди Коеналиев. 

Ал ар бир кабат 750 чарчы метрди түзүп, конок үйүнүн жалпы аянты 1,5 миң чарчы метр экенин кошумчалады. 

"Бул жерде төрт иштөө бөлмөсү бар. Андан сырткары, ашкана, башкаруу борбору, кийим коюучу жай бар. Бул конок үй атактуу мейманканалардагы президенттик люкс номерлерден кем калышпайт", — деди ал. 

КМШ өлкө башчылары үчүн тигилген боз үй. Ала-Арча резиденциясынан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкө башчылары үчүн "тигилген боз үй". "Ала-Арча" резиденциясынан алынган кадрлар
Коеналиев президенттердин табитин эске алуу менен меню даярдалганын, алардын катарында сыра да бар экенин кошумчалады.

Саммитке Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0