Кыргызстандык учкуч Атлантика океанын кезип өттү

© Фото / Союзбек Салиев, Йонас ЖукнусКругосветное путешествие на маленьком самолете кыргызстанца Союзбека Салиева
Кругосветное путешествие на маленьком самолете кыргызстанца Союзбека Салиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саякатчы океанды кантип учуп өткөнүн, сапар учурунда кандай тоскоолдуктарга туш болгонун айтып берди.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык учкуч саякатчы Союзбек Салиев кечээ Атлантика океанын кезип өттү. Бул тууралуу анын жакындары айтып беришти.

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты менен 72 жаштагы штурман Йонас Жукнус ааламды түрө кыдырган саякатка чыгышкан. 50 күнгө созулган сапарда Салиев 46 миң чакырымдык аралыкты басып, май куюу үчүн 20 мамлекетке токтомок. Мындай учуу үчүн Mooney Ovation-2 учагы атайын Европада кайра жабдылган.

© Фото / Союзбек Салиев, Йонас ЖукнусКыргызстандык учкуч саякатчы Союзбек Салиев кечээ Атлантика океанын кезип өттү
Кыргызстандык учкуч саякатчы Союзбек Салиев кечээ Атлантика океанын кезип өттү - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кыргызстандык учкуч саякатчы Союзбек Салиев кечээ Атлантика океанын кезип өттү
© Фото / Союзбек Салиев, Йонас ЖукнусҮстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты менен 72 жаштагы штурман Йонас Жукнус ааламды түрө кыдырган саякатка чыгышкан
Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты менен 72 жаштагы штурман Йонас Жукнус ааламды түрө кыдырган саякатка чыгышкан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты менен 72 жаштагы штурман Йонас Жукнус ааламды түрө кыдырган саякатка чыгышкан
© Фото / Союзбек Салиев, Йонас Жукнус50 күнгө созулган сапарда Салиев 46 миң чакырымдык аралыкты басып, май куюу үчүн 20 мамлекетке токтомок
50 күнгө созулган сапарда Салиев 46 миң чакырымдык аралыкты басып, май куюу үчүн 20 мамлекетке токтомок - Sputnik Кыргызстан
3/4
50 күнгө созулган сапарда Салиев 46 миң чакырымдык аралыкты басып, май куюу үчүн 20 мамлекетке токтомок
© Фото / Союзбек Салиев, Йонас ЖукнусСалиев аба ырайынан улам Кот-д Ивуарда 10 күндөй кармалып калганын
Салиев аба ырайынан улам Кот-д Ивуарда 10 күндөй кармалып калганын - Sputnik Кыргызстан
4/4
Салиев аба ырайынан улам Кот-д Ивуарда 10 күндөй кармалып калганын
1/4
Кыргызстандык учкуч саякатчы Союзбек Салиев кечээ Атлантика океанын кезип өттү
2/4
Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты менен 72 жаштагы штурман Йонас Жукнус ааламды түрө кыдырган саякатка чыгышкан
3/4
50 күнгө созулган сапарда Салиев 46 миң чакырымдык аралыкты басып, май куюу үчүн 20 мамлекетке токтомок
4/4
Салиев аба ырайынан улам Кот-д Ивуарда 10 күндөй кармалып калганын

Салиев аба ырайынан улам Кот-д Ивуарда 10 күндөй кармалып калганын айтты.

"Нөшөрлүү жаан мезгилине туш келип калыптырбыз. Анын үстүнө Судандан учуп келе жатып Сахара чөлүнөн өткөнбүз. Ошондо учактын фильтрлери кумга толуп калыптыр. Мындай абалда океан үстүнөн учуу абдан кооптуу. Жаңы май заказ кылып, аны күтүүгө туура келди. Мындан тышкары, документтерди да ырастоо керек болчу", — деди учкуч.

Салиев учаар алдында эртең менен чучук менен оозанганын белгиледи.

"12 сааттан кийин гана кургакчылыкты көрдүк. Кинодогудай болуп "Жер! Жер!" деп кыйкыргың келип кетет экен. Маанайыбыз көтөрүлүп, чарчаганыбызды унутуп калдык. Ажайып кооздукту айтпаңыз эми! Сүрөткө тартууга эч мүмкүнчүлүк болбой калды. Жерге күүгүмдө, Бразилиянын Ресифи шаарынын аэропортуна кондук", — деп айтып берди ал.

Учкуч документтерге байланыштуу маселелер бүткөндөн кийин дароо эс алууга жөнөшкөнүн белгиледи. Эми саякатчылар Боливия өлкөсүн көздөп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0