Депутат: Казакстанда КРдин жаңы автономерине доомат артып жатышат

© Фото / пресс-служба ГРС КРАвтоунаа номери. Архив
Автоунаа номери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан баштап Кыргызстанда жаңы унаа номерлери киргизиле баштаган. Аларда мурдагыдай "тамга— төрт сан — тамга" эмес, үч сан жана үч тамга жазылган.

БИШКЕК, 15- сен. — Sputnik. Казакстанда жаңы кыргыз номерлерине доомат коюп жатышат. Бул тууралуу парламент отурумунда "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан баштап унааларга жаңы мамлекеттик номерлерди бере баштаган. Анда мурдагысынан айырмаланып, үч сан жана үч тамга жазылган. Номерлерде кыргыз желеги менен биргеликте Кыргызстандын эл аралык коду — KG түшүрүлгөн.

"Казакстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жаңы кыргыз унаа номерлерине доомат коюп жаткандыгы, ал номерлер стандартка туура келбейт деп айтып жатышкандыгы боюнча мага кайрылуулар болду", — деди депутат.

Жамангулов ЖКдеги өкмөттүн туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алышын суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0