Депутат: 9 класс билим менен чектелгендер ар кыл агымдарга оңой азгырылууда

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев 9-класс менен чектелген балдар мектепти таштап, ар кыл агымдарга азгырылып кетүүдө деген пикирде.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеште милдеттүү билим берүүнү 11-класска чейин көтөрүү демилгеленип, мындай сунушту "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев айтты.

Анын баамында, билим берүү жаатындагы мыйзамда кемчиликтер көп, аталган маселе олуттуу көйгөйгө айланып бара жатат.

"Милдеттүү билим 9-класска чейин берилет. Ал эми андан ары каалагандар окубай койсо болот деген норма бар. Учурда тогузду бүткөн балдар мектепти таштап, ар кыл агымдарга азгырылып, айрымдары уюшкан кылмыштуу топторго кошулуп жатат. Анан калса көпчүлүгү башка өлкөлөргө иштегени кетүүдө. Андыктан 11-класска чейин милдеттүү түрдө окугудай кылуу керек", — деди Жээнчороев. 

Депутат өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, 9-классты бүтүп кеткен балдар тууралуу маалымат топтоо сунушун айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0