Июнь окуясы боюнча шектелип издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш окуялары. Архив
Ош окуялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандарды Кыргызстанга өткөрүү иштерин КРдин Башкы прокуратурасы жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча шектелип издөөдө жүргөн жарандарды кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

"КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөгө алынган "Мамасадык" аттуу жарандын Москва шаарында экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал 2010-жылы июнь окуяларында Жалал-Абадда болгон массалык баш аламандыкка катышты деп шектелүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Алынган маалыматтар боюнча кармалган 51 жаштагы жаран Москва шаарында таксист болуп иштеп келген. Аны укук коргоо органдары 12-сентябрда Россиянын ИИМи менен биргелешкен ыкчам иш чараларынын жүрүшүндө колго түшүргөн.

"Кармалган жаран 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча кылмыш ишине жана башка оор кылмыштарга тиешеси бар деп айыпталган. Үйүн тинтүү учурунда КР жараны Баратов Базарбай Хусанбаевичтин наамына берилген жасалма паспорт табылган ", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары, Сузак районунун 26 жаштагы жараны да кармалган. Ал дагы 2010-жылдагы окуялар боюнча издөөгө алынган.

Кармалган жарандарды Кыргызстанга өткөрүү боюнча КРдин Башкы прокуратурасы иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0