КМШ саммити: Бишкекке кирген-чыккан унаалар текшерилип, жолдор жабылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол жабуу. Архив
Жол жабуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өтө маанилүү объектилер кайтарууга алынып, милициянын каттоосунда турган жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Алдыда өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитинде үч миң милиция кызматкери коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда Кайгуул милициясынын стационардык постторунда борбор калаага кирген-чыккан унаалар текшерүүгө алынат. Мындай иш-чаралар мыйзамсыз курал-жарактарды алып кирүү фактыларын алдын алууга багытталган. 

"Милициянын каттоосунда турган жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынып, өтө маанилүү объектилер кайтарылат. Тиешелүү кызматтар тарабынан делегация өтө турган жолдор менен имараттар текшерүүгө алынып жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, КМШ өлкө башчыларынын саммити 15-17-сентябрь аралыгында өткөрүлөт. Бул убакыт ичинде Чүй облусу менен Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Ал эми расмий делегация өткөн төмөнкү жолдорго убактылуу жабылат.

  • Чүй облусу — "Манас" аэропортунан Бишкек шаарына чейин;
  • Бишкек шаары — Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси — Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
  • Манас проспектисинен Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин;
  • Чыңгыз Айтматов проспектисинен резиденцияга чейин;
  • Чүй проспектиси — Манас проспектисинен өкмөт үйүнө чейин;

Ошондой эле иш-чара өткөн даректерге кеткен көчөлөр да жол кыймылы үчүн жабык болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0