Мамлекеттик өзгөчө номерлер 19-сентябрдан тарта сатылат. Баасы

Жазылуу
Айрым номерлерди аукционго катышпастан эле сатып алса болот. Ал эми "өзгөчө" номерлер аукцион аркылуу сатылат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Автоунаалардын мамлекеттик кооз номерлери 19-сентябрдан тарта сатыларын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Унаанын салык жабыштыргычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаанын салык жабыштыргычы зарылбы? Салыкчылар жана Кайгуул милициясы түшүндүрөт
Мисалы, 101ААА, 077ААА номерлери 5 миң сом болот. Ушул эле номерлер, бирок башка тамгалары менен (мисалы 101ААB, 077ААВ) 4500 сомго сатылат.

121, 131, 141, 151 комбинациялуу номерлер үч миң сомго бааланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик номерлердин сертификаттарын Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактардагы транспорт жана айдоочулук курам департаментинен алууга болот.

Ал эми "өзгөчө" номерлерди онлайн-аукцион аркылуу сатуу боюнча жакын арада кошумча маалымат берилерин Мамкаттоо билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0