Шаардык кеңеш сууга аккан наристени сактап калган окуучуларды сыйлады

© Фото / пресс-служба БГКЭки жаштагы Умар Молдалиевди сактап калган Көлмө жаңы конушундагы №78 мектептин окуучулары атайын сыйлыкка татыктуу болду
Эки жаштагы Умар Молдалиевди сактап калган Көлмө жаңы конушундагы №78 мектептин окуучулары атайын сыйлыкка татыктуу болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар баланы суудан алып чыгып, дарыгерлер келгиче медициналык жардам көрсөтүп, аны сактап калышкан.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Эки жаштагы Умар Молдалиевди сактап калган Көлмө жаңы конушундагы №78 мектептин окуучулары атайын сыйлыкка татыктуу болду. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.

Баяман Азимов мектептеш достору Арсен Камбаралиев жана Эрнис Ташболотов менен биргеликте баланын өмүрүн алып калган. Алар агып келе жаткан бөбөктү суудан алып чыккандан кийин, Баяман балага дарыгер келгиче жасалма дем алдырып, ага экинчи жашоо тартуулаган. 

Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшылык жерде калбайт. Камчаткадагы кыргызстандыктардын эрдиги
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев кичинекей каармандарды сыйлоо демилгесин көтөрүп, бүгүн ал жагымдуу учур жасалды. 

Бул жакшы иштери үчүн Баяманга Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен "Мекенчил" төш белгиси ыйгарылды. 

Ал эми Арсен менен Эрниске аталган кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды. 

Кененбаев жаш баатырларга жана №78 мектептин педагогдор жамаатына каарман балдарды тарбиялагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0