Адвокат менен доктурдун эмне окшоштугу бар? Бишкектик юрист менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековАдвокат Жылдыз Ниязова. Архив
Адвокат Жылдыз Ниязова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчаңды алып, бирок жактагысы келбеген адвокатты жазаласа болобу? Эмне үчүн ага юридикалык билимдин анчейин кереги жок? Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева ушул суроолорго кызыгып көрдү.

Кыргызстандык Айгерим Сабралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык футболчулардын укугун коргогон кыргыз кыздын тарыхы
Адвокаттардын окуу борборунда билим программаларын жетектеген директорду кандай элестетесиз? Сизди билбейм, бирок мен чачы түшкөн, чоң папкени көтөрүп алып, кагаздан башы чыкпаган бир байке го деп ойлогом. Жылдыз Ниязова кирип келгенде, оозум ачылып калды. Эмнеге дейсизби? Сүрөттү карабайсызбы! Дал ушул кыз адвокаттардын, болгондо да жаңы баштоочулардын эле эмес, тажрыйбалуу, аты чыккандардын кесипкөйлүгүн жогорулатууну уюштуруу менен алектенет экен. 

— Мен эле эмес, бизди окугандардын баарына ушул суроо кызык болсо керек: ушунча жаш туруп, мындай жооптуу кызматка кантип жеттиңиз?

— Менин жашым 32де. Юридика илимдеринин кандидатымын. Иштегенди абдан жакшы көрөм. Анан, албетте, жасаган ишиң материалдык да, моралдык да жактан канааттандырышы керек деп ишенем. 

— Бул жакка кайдан жүрүп келип калдыңыз?

— Мен окуу борборунда тренер болчумун. Бейтаптардын укуктарын коргоо боюнча тренингдерди жүргүзчү элем. Ал эми ага чейин жогорку мектепте иштеп, улуу курактагы адамдарды окутуу боюнча адис болгондуктан, бул борбордогу окуу процессин уюштуруу ишине кантип тартылып кеткенимди өзүм да байкабай калдым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдыз Ниязова: мен күндөлүк эмгегиң менен кырдаалды жакшы жакка өзгөртсө болот деп ишенген кыялкечтерденмин
Столичный адвокат Джылдыз Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Ниязова: мен күндөлүк эмгегиң менен кырдаалды жакшы жакка өзгөртсө болот деп ишенген кыялкечтерденмин

— Мунун баарынын сизге эмне кереги бар? Эмнеге адвокатураны тандап алдыңыз эле?

— Мен күндөлүк эмгегиң менен кырдаалды жакшы жакка өзгөртсө болот деп ишенген кыялкечтерденмин. 

— Адвокаттардын окуу борбору бизге ушунчалык эле зарылбы? Университеттер бар да, алар жетишерлик орун бөлүп берип жатышпайбы. Студент университетти бүтүп, иштей берет да? 

Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков. - Sputnik Кыргызстан
Травматолог: сасык тумоонун айынан кыргызстандык айымдар майып балдарды төрөп жатат
— Окутуулар билим берүү үчүн эмес, адвокаттын иш жүзүндө бир нерсе жасай алышы үчүн уюштурулат. Ушу тапта билимди Интернеттен алсаң деле болот. Алты жыл окуп, диплом алган медик, андан ары ординатурага өтүшү эч кимди таң калтырбайт. Ал эки жыл практикадан өтүп, жалпы профилдик дарыгерден иммунолог же ревматолог болуп чыгат. Макул, дарыгердин иши зор мааниге ээ, себеби алардын колунда адам өмүрү турат. А бирок адвокат, сот жана прокурорлор жасаган иштин маанисин ким кемите алат? Алар адамдын тагдырын чечип жатпайбы!

Бизде окуу жайын бүтүп, бир жыл иштеп көрүп, экзамен тапшырып, лицензия алсаң болду, адвокатура менен алектене берсең болот. 

— Эми лицензия алууга мээси жеткен кишинин иш кароого деге кудурети жетет да. Журналистикада, мисалы, жогорку билим сөзсүз эле керек эмес…
— Лицензия адвокатка кылмышка байланыштуу сот иштерине катышуу үчүн керек. Жарандык процесске анын кереги жок. 

— Демек, мен азыр гезитке "Жарандык иштерди алып барам. Баасы 800 доллар" деп жарыя берсем, мени эч ким токтотпойбу?
— Адвокаттын ишинен, абийиринен бүтүндөй юридика тармагынын кадыр-баркы көз каранды. Анын бүтүндөй коом алдында жоопкерчилиги болушу керек. 

— Канча адамды окутуп үлгүрдүңүз?
— Акыркы жарым жылда биздин окуудан бир жарым миңге жакын адам өттү. Ал эми борбор 2008-жылдан бери иштейт. 

— Алар кимдер? 
— Биздин негизги аудитория — иштеп жаткан адвокаттар. Биз Бирдиктүү билим берүү стандарты боюнча иштейбиз. Бул биздин республика үчүн эле эмес, жалпы КМШ өлкөлөрү үчүн уникалдуу документ. Окутуунун үч программасы бар: бири жаңы гана лицензия алганы жаткандар үчүн, экинчиси үч жылдан кем эмес иштеген адвокаттар үчүн. Үчүнчү категория үч жылдан ашык иштеген адистерге багытталган. 

— Адвокаттарга бир жакка барып дагы окугандын эмне кереги бар? 
— Атаандаштык. Адвокаттын квалификациясы канчалык жогору болсо, гонорары да ошончо чоң, суроо-талап да ошончо көп болот.

— Этикачы? "Шайтандын адвокаты" деген тасма эсиңиздеби? Башкы каарман педофилди бийликке өткөрүп бериши керек болчу же анын коргоочусу катары сырын жашырып, күнөөсүз деп далидөөгө аракет кылышы керек эле. Мындай учурда эмне кылуу керек? 
— Адвокат ишти колуна алган соң өз кардарынын кызыкчылыгы үчүн гана, бирок мыйзам чегинде аракет жасашы керек. Ага кардары берген маалымат, албетте, жашыруун калышы зарыл. Адвокатка кардардын кызыкчылыгын мыйзамдуу ыкмалар менен гана коргоо боюнча зор жоопкерчилик жүктөлөт. 

— Сот алдындагы адам киши өлтүргүч же педофил деген кооптонуу болсо дагыбы?
— Ар бир адвокат тиги же бул себептер менен катыша албай турган иштерди өз алдынча аныктап алат. Ал ишти алып баруудан баш тартканга акылуу. 

— Эгер адвокатың акчаны алып алып, эч нерсе жасабай койсо эмне кылыш керек?
— Кыргызстандын адвокатурасында этика боюнча комиссия бар, ал ошондой иштерди кароо менен алектенет. Комиссия лицензияны алып коюу боюнча сунуш бере алат. Бул адвокаттын беделин түшүрө турган оор нерсе. 

— Биздин адвокаттар кайсы мүчүлүштүктөрдү жойгонго умтулушат? 

Азиз Жумадилов Ысык-Көл облусунда өткөн Run The Silk Road марафонунда - Sputnik Кыргызстан
Көзү азиз марафончу: көрбөсөм эле колумдан эч нерсе келбей калмак беле
— Моралдык зыяндын ордун төлөтүү боюнча курс чоң суроо-талапка ээ. Кыргызстанда бул анча өнүккөн эмес. Доо арыз канааттандырылган күндө да, анча чоң акча болбойт. Жакындан бери биз бейтаптардын укуктарын коргоого басым жасап жатабыз. Биздин мыйзамдарга ылайык, туура эмес медициналык жардам көрсөтүүдөн келтирилген зыян үчүн моралдык компенсация эң көп дегенде 50 миң сом. Элестетиңиз, жаңы төрөлгөн ымыркайга СПИД жугузуп салышса, анын апасы 50 миң сомдон ашык ала албайт. 

— Ошондойлор да болобу?
— Тилекке каршы, болот. Ойлоп көрүңүз, бир жагында адам өмүрү турса, экинчи жагында 50 миң сом! 

— Кыргызстанда үч гана кесип: юрист, экономист жана дипломат кадырлуу. Ушунча көп мыйзам кызматкерлеринин ичинен ишти мыкты жасай турган тубаса чебер адвокаттарды тандаса болбойбу?
— Буга макул эмесмин. Бизде орто эсеп менен 2 миң кишиге бир адвокат бар. Бул аздык кылат. 

— Эми эл деле адвокатка кайрылып көнгөн эмес да… 
— Кеп мамлекетке, укук системасына болгон ишенимдин бар-жогунда. Бирок бул багытта ишти баштабасак, абал эч качан өзгөрбөйт. Бүгүн башталса, мүмкүн, он жылдан кийин өз жемишин берер.

— Мен бир жолу адвокат жалдайын деп ойлоп, бааларын көргөндөн кийин айнып калгам. Биздин анча бай эмес өлкөдө мындай суммалар кайдан пайда болот? 
— Кыйын суроо. Биздин адвокаттар коомчулугу 23 жыл бою өзү менен өзү болуп келген. Гонорар чегерүүнүн жалпы кабыл алынган принциптери жок. Эми абал өзгөрүп келе жатат. Бир жарым жыл мурун Кыргызстандын адвокатурасы түзүлгөн. Мунун максаты калкты калыс сот менен камсыз кылуу. Албетте, адвокаттар акча табышат, бирок дүйнө жүзү боюнча бардык жерде алар probono иштери менен да алектенишет. 

— Ал эмне?
— Бул коомдун пайдасы үчүн иштер. Анда ийгиликтүү адвокаттар айрым иштерди акысыз алып барышат. Акчасы жок адамдарга жардам көрсөтүшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдыз Ниязова: менин бала кезимден эле калыстык сезимим күч. Мага ороңдоп, ашык акча алып алган таксистке тарбиялык иш жүргүзүп койгондон эрикпейм
Столичный адвокат Джылдыз Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Ниязова: менин бала кезимден эле калыстык сезимим күч. Мага ороңдоп, ашык акча алып алган таксистке тарбиялык иш жүргүзүп койгондон эрикпейм

— Кыргызстанда жакшы адвокатты кантип тандаса болот?
— Айтылган пикирлер боюнча. Эл аралык бир уюм изилдөө жасап, биздин өлкөдө жарнамалардын адамга көрсөткөн таасирин талдап чыккан. Көрсө, эң таасирдүү жарнама — ооздон оозго айтылып жүргөн кабарлар экен! 

— Бизде адвокаттардын көбүрөөк болсо жакшы болор эле. Антпесе, тандаш деле кыйын…
— Саны көбөйөт… Бул кесипке келип, жакшы иштегиси келген жаштар көп. Акыркы жылдары алардын саны өсүп жатат. Кыялкеч катары, мен эл акырындап укукка жана анын кепилдиги болуп эсептелген мамлекетке көбүрөөк ишене баштайт деп ишенем… 

— Бул кесип кирешелүү дагы да…
— Туптуура! Мыкты бүтүрүүчүлөр адвокатурага келип жатышы жаман эмес. Ооба, ал жакта акча бар, жөн гана аларды ак иштеп табыш керек, сот отуруму бүтөр замат кардардын көзүн карай албай, эптеп портфелиңди кучактай качып жөнөштүн кереги жок. Андай адвокаттар аз болсо да, тилекке каршы, бар. 

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы: Кыргызстанды дааватчылардын берекеси менен Кудай эле сактап турат
— Бул чөйрөнү жакынкы мезгилде кандай өзгөрүүлөр күтүп турат?
— Эл юридика тармагында иштегендерге көбүрөөк ишене баштайт. Адвокаттык ишмердикке көзөмөл пайда болот. Иштер көбүрөөк негиздүү, мисалы, адвокаттык досье түзүү аркылуу жүргүзүлө баштайт. Кыргызстанда бул азырынча, тилекке каршы, өнүгө элек. Адвокаттардын жалпы кесипкөйлүк деңгээли калктын укуктук маданиятынын жогорулашы менен кошо өсөт. 

— Бала кезиңизден эле юрист болгуңуз келчү беле?
— Менин бала кезимден эле калыстык сезимим күч. Мага ороңдоп, ашык акча алып алган таксистке тарбиялык иш жүргүзүп койгондон эрикпейм. 

— Өтө өрчүгөн калыстык сезимиңиз менен акыйкатсыздык азыраак жакка эмнеге көчүп кетпейсиз? 
— Бул алсыздардын көз карашы. Мен Кыргызстанда төрөлгөм, атам болгон өмүрүн ушул өлкөгө берген, бул жерде менин балам чоңоюп жатат. Бизге окшогондор көп. 

Жаңылыктар түрмөгү
0