Кыргызстан, Россия жана БУУ беш жылдык ири соцпрограмма даярдап жатат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПенсия алуу. Архив
Пенсия алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы үч жылдан бери КР өкмөтү менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДАП) биргелешкен эки долбоорду ишке ашырган. Аларды негизинен Россия каржылаган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан, Россия жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 5 жылга пландалган ири социалдык программа даярдап жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Акыркы үч жылдан бери өкмөт менен БУУнун БДАПы менен биргеликте эки долбоорду ишке ашырган. Алар: мектептердеги тамак берүүнү жакшыртуу, коомдун аялуу катмарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.

"13-сентябрда Бишкекте боло турган маалымат жыйында долбоордун жыйынтыктары тууралуу кенен маалымат берилет. Андан сырткары, беш жылга пландалган ири долбоор тууралуу да айтылат. Анда айыл-чарбасын өнүктүрүү каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат жыйынга КРдин эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын элчиси Андрей Крутько жана БУУ БДАПтын Кыргызстан боюнча директору Рам Сараванамутту катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0