АКШдагы кыргызстандыктар Москвадагы өрттөн каза болгондорго куран окутушту

© Фото / Али УлановМосквадагы басмаканада өрттө каза болгондорду эскерүү. Архив
Москвадагы басмаканада өрттө каза болгондорду эскерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШнын Филадельфия шаарындагы кыргыз жамааты август айынын аягында Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндерге 11-сентябрда куран окутушту. Бул тууралуу Венера Анарбаева аттуу жаран Facebook социалдык тармагындагы баракчасында маалымдады.  

Эске салсак, 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. Басмаканада иштеген дагы бир нече жараны сыртка чыгууга үлгүргөн. Бул каргашадан улам Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.

Ал ортодо айрым ЖМКлар каза болгон кыргызстандык кыз-келиндер ал жерде мыйзамсыз иштегенин жазып чыгышкан. Бирок мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын КРдин миграция кызматы айтып чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0