Атамбаев: Курман айт — элдин биримдигин камсыздоочу майрам

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстан боюнча Курман айт майрамы белгиленүүдө.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды айт майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аруу тилек, ак ниет менен окулган айт намаз. Келгендер аянтка батпай турду
Бүгүн 12-сентябрда Кыргызстан боюнча Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бул күн өлкө боюнча дем алыш күн деп жарыяланган.

Өлкө башчысынын куттуктоосунда Курман айт исламдагы улуу эки майрамдын бири экени айтылат.

Курман айт кыргызстандыктардын жашоосундагы маанилүү майрамдардын бири жана коомдун биримдигин камсыздоодо моралдык-нравалык мааниси чоң деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0